Коом

Кыргызстанда жаңы майнинг-фермаларды ачууга уруксат берилбейт

Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгына байланыштуу жаңы майнинг-фермаларды ачууга азырынча уруксат берилбейт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Super.kg басылмасына берген маегинде билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, учурда өлкөдө эки гана майнинг-ферма иштеп жатат. Алар Камбар-Ата-2 ГЭСинде жана Кеминде жайгашкан.

«Биз башка бир дагы майнинг-фермага уруксат берген жокпуз. Ири ГЭСтерди куруп, өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгын толук камсыздай алганда гана уруксат берүүгө болот», — деди президент.

Жапаров майнинг тармагы мамлекетке олуттуу салыктык киреше алып келерин белгиледи. Бирок электр энергиясынын жетишсиздигинен улам бул тармакты кеңейтүүгө азырынча мүмкүнчүлүк жок.

Президент Кеминдеги майнинг-ферма Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясын колдонбой турганын, Орусия менен Казакстандан импорттолгон электр энергиясы менен иштей турганын айтты.

Ошондой эле кыш мезгилинде электр энергиясынын тартыштыгы жаралса, аталган ферманын иши убактылуу токтотулуп, ага импорттолгон электр энергиясы калктын керектөөсүнө багытталышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Back to top button