Коом
Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

4-ноябрда саат 16:10до Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Жер титирөөнүн очогу Бор-Дөбө айылынан түштүк-чыгышка карай 4 чакырым, Сары-Таш айылынан түштүк-чыгышка карай 26 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-чыгышка карай 123 чакырым аралыкта жайгашкан.
Бор-Дөбө айылында жер силкинүүнүн күчү 3 баллга сезилди.



