Адылбек Касымалиев «Тамчыдагы» атайын каржы аймагын кыдырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 3-ноябрда Ысык-Көл облусундагы «Тамчы» атайын каржы-инвестициялык аймагынын курулуш долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты, деп билдирди Президенттик администрациянын басма сөз кызматы.

Министрлер кабинетинин башчысына курулуш иштери, инфраструктураны өнүктүрүү тууралуу маалымат берилди. Маалыматка ылайык, кеңсе борборлорун, турак жай комплекстерин, ишкердик жана туристтик инфраструктура объекттерин куруу каралган жана резиденттердин жашоосу үчүн объекттерди куруу менен курорттук-рекреациялык инфраструктураны өнүктүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, «Тамчы» АКИА КРдин инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, эл аралык капиталды тартуу, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү, финтех жана IT-индустрияны, логистиканы жана туризмди өнүктүрүү үчүн түзүлгөн.

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 3-июлунда Ысык-Көл облусунда «Тамчы» АКИАны ачкан. Ал жөнүндө мыйзам 2025-жылдын 10-июлунда кабыл алынган. Бул мыйзамдын 5-беренесине ылайык, аймак КРдин экономикасын өнүктүрүү, инвестиция тартуу, инвестициялык климатты жакшыртуу, инвесторлордун, анын ичинде КРдин аймагында иш алып барган чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо кепилдиктерин камсыз кылуу, өндүрүштү, транспорттук инфраструктураны, туризмди жана санаторий-курорттук чөйрөнү түзүү жана өнүктүрүү же мыйзамда аныкталган башка максаттар үчүн бөлүнгөн.
Президенттин жарлыгынын текстине ылайык, «Тамчы» АКИАнын жалпы аянты 6015,57 гектарды түзөт.



