Маданият

Маданият министрлиги манасчыларды колдоо үчүн 20 млн сом бөлүүнү пландоодо

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги манасчылар институтун колдоо жөнүндө токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Документ «Манасчы» макамын түзүүнү жана атайын сынактан өткөндөргө салыктарды кармап калганга чейин айына 62 миң сом сый акы төлөөнү сунуштайт. Төлөмдөрдү 2027-жылдан баштоо сунушталууда.

Талапкерлерди тандоо үчүн министрликтин алдында эксперттик комиссия түзүлөт. Ошол эле комиссия манасчылардын ишин натыйжалуулук көрсөткүчтөрү (KPI) боюнча баалайт, ага аткаруучулук, чыгармачылык, педагогикалык, насаатчылык, илимий жана агартуучулук иштер кирет. Ошондой эле министрлик манасчылардын милдеттерди аткарышын көзөмөлдөйт.

2027-жылы төлөмдөргө республикалык бюджеттен 20 млн 63 миң 820 сом талап кылынат.

Сый акынын өлчөмүн эки себеп менен түшүндүрүштү:

— «Манас» театрынын штатындагы артист-манасчынын эң жогорку эмгек акысы салыктардан кийин айына 50 миң сомду түзөт;

— 2026-жылдын январь–август айларында өлкө боюнча орточо эмгек акы 55 миң 79 сом болгон (Улуттук статистика комитетинин маалыматы).

Маалым катта белгиленгендей, Якутияда олонхо аткаруучуларына айына 30 миң рубль, Калмыкияда 2 миң доллар, Өзбекстанда бахшы жана макомчу аткаруучуларына 500 доллар төлөнөт. Кытайда айыл деңгээлиндеги манасчылар 3 500 юань, мамлекеттик деңгээлдегилер 35 000 юань алышат.

Ошону менен бирге сунуш «Манас» театрынын штаттык түзүмүн өзгөртөт. Андан «артист-манасчы» кызматы (23 орун) алынып, 18 башка кызмат киргизилет. Алардын арасында, драма жана фольклордук-этнографиялык ансамблдин артисттери, сахнаны монтаждоочу жана кадрлар боюнча инспектор бар. Азыркы учурда штатта бул кызмат орундары жок, ушул себептен театрдын спектаклдерди жана концерттик программаларды коюу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экени айтылат.

Тектеш кабарлар

Back to top button