Коом

«Хан-Теңири» комплекси кеңейүүдө: Караколдо дагы 530 үй-бүлө жаңы батирлүү болду

Караколдо «Хан-Теңири» турак жай комплексинин экинчи этабындагы батирлердин ачкычы тапшырылды.


​Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК тарабынан курулган «Хан-Теңири» турак жай комплексинин экинчи этабындагы жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн ачкычтарын ээлерине салтанаттуу түрдө тапшырды.


​Иш-чарада Адылбек Касымалиев өлкөдө турак жай курулушу кеңири кулач жайганын белгилеп, мамлекет башчысынын демилгеси менен миңдеген үй-бүлөлөр мамлекеттик ипотека аркылуу үйлүү болуп жатканын айтты. Ошондой эле ал өкмөттүн атынан жаңы көчкөндөрдү куттуктап, курулуштун сапаты, мөөнөтү жана жашоо шарттары жеке көзөмөлдө болорун баса белгиледи.


​Маалым болгондой, бул жолу Караколдогу комплекстин экинчи этабынын алкагында 530 батирдин ачкычы ээлерине берилди. Жалпысынан «Хан-Теңири» комплекси 69 блоктон турган 3 430 батирлүү масштабдуу шаарча болуп саналат. Анда турак жайлардан тышкары бала бакча, мектеп, спорт жана балдар аянтчалары, ошондой эле заманбап эс алуу жайлары үчүн тиешелүү аймактар каралган.

Тектеш кабарлар

Back to top button