Батирлерди убагында тапшырбаган компанияларга жаңы уруксаттар берилбейт

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин төрагалыгы алдында мөөнөтү өтүп кетсе да курулуш иштерин аяктай элек 31 курулуш фирмасынын өкүлдөрү менен чукул жыйын өттү.
Министрликтен маалымдашкандай, жолугушууда тургундардан түшкөн көп сандаган арыз-нураттардын негизинде созулуп жаткан объектилердин учурдагы абалы ар тараптуу каралды.
Жыйындын жыйынтыгында министр Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттерге курулушту убагында бүтүрбөгөн компанияларга жаңы объекттерди курууга уруксат кагаздарын бербөөнү тапшырды. Ошондой эле инспекторлорго бүтпөй жаткан ар бир объектти катуу көзөмөлгө алуу милдети жүктөлдү.
Мындан тышкары, милдеттенмелерин аткара албаган айрым компаниялардын ишмердүүлүгү боюнча материалдар юридикалык баа берүү жана мыйзам чегинде чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлөрү белгилүү болду. Министр курулуш фирмалары эң биринчи кезекте жарандардын алдындагы жоопкерчиликти сезип, алган милдеттерин өз убагында аткарышы керектигин эскертти.
Эске салсак, буга чейин министрликтин буйругу менен курулуштун «нөл цикли» (пайдубалы) толук аяктаганга чейин турак жана турак эмес жайларды сатууга, үлүштүк катышуу келишимдерин түзүүгө, жарандардан каражат чогултууга жана объекттерди жарнамалоого расмий түрдө тыюу салынган.



