Окуялар

Жолдогу бейбаштык: Бишкекте унаага курал мээлеген айдоочу кармалды

Социалдык тармактарда жолдогу окуяга байланышкан видео тарады.

Видеонун автору айткандай, 29-октябрда ал кызын мектептен алып, Чыңгыз Айтматов проспектисине чыкканда, аны «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү 06KG 948AFU мамлекеттик номурлуу унаа кууй баштаган.

Кадрларда «Мерседестин» айдоочусу терезеден куралга окшош буюмду чыгарып жаткандыгы көрүнүп турат. Келин эркек киши ошол буюм менен анын унаасынын айнегин да какканын билдирди.

5-ноябрда Ленин РИИБдин басма сөз кызматы тартип бузган адам бөлүмгө алып келингенин кабарлады. Маалыматка ылайык, ал 1989-жылы төрөлгөн С.Б. аттуу жаран болуп чыкты. Андан курал алынып, экспертизага жөнөтүлдү.

Анын жыйынтыгы боюнча укуктук баа берилет.

Тектеш кабарлар

Back to top button