Окуялар

Генерал Талантбек Исаевге жол эрежесин бузганы үчүн протокол түзүлдү

Ички иштер министрлигинин Жол-Кайгуул кызматынын мурдагы башчысы, генерал Талантбек Исаевдин эреже бузганы аныкталды.

Видеонун автору Исаев унаанын тротуарга токтотконун жана милициянын кайгуул-күзөт кызматкерлери Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекторлорун чакырганын билдирүүдө.

Исаевге карата Укук бузуу жөнүндө кодексинин 188-беренесинин (Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) 3-бөлүгү боюнча протокол түзүлүп, 5500 сом өлчөмүндө айып пул жазылды.

Чүй облусунун милициясы 5-ноябрда «АКИpress» редакциясына билдиргендей, унааны тротуарга токтоткону үчүн да протокол түзүлгөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button