Жумгалда 365 млн сомго бир нече айылга таза суу тартылды

Жумгал районунда таза суу тутумдары ишке кирди: Чаек айылында жаңы обьекттин ачылышы болду
Кечээ, 4-ноябрда Жумгал районунун Чаек айылында таза суу топтомунун салтанаттуу ачылышы өттү. Бул иш-чара республика боюнча таза суу менен камсыздоо багытында жасалып жаткан масштабдуу иштердин уландысы болуп саналат.
Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин онлайн катышуусунда өлкөнүн 32 аймагында таза суу тутумдары ишке киргизилген.
Жумгал районундагы бул долбоорду ишке ашыруунун алкагында Чаек айылында жалпысынан 60 чакырым суу түтүгү орнотулуп, анын сметалык баасы 365 млн сомду түзгөн.
Курулуш жана оңдоо иштери аймактагы бир катар айылдарды камтып, төмөнкүдөй көрсөткүчтөргө жетишилди:
Узун-Блак айылы: 30 чакырым суу түтүгү тартылып, 500 кубдук 2 резервуар жана башкы горизонталдык 2 дренаж салынды.
Ак-Татыр айылы: 17,5 чакырым түтүк орнотулуп, 500 кубдук 1 резервуар курулду, ошондой эле кубаттуулугу 100 куб болгон мурдагы бир резервуар калыбына келтирилип, суу жыйноочу 3 камера орнотулду.
Чукур айылы: 10 чакырым аймакты камтып, кубаттуулугу 250 кубдук 2 резервуар калыбына келтирилди жана башкы горизонталдык дренаж салынды.
Базаркан айылы: 1,6 чакырым аралыкка курулуш жүрүп, кубаттуулугу 100 кубдук резервуар калыбына келтирилди жана 2 суу жыйноочу камера орнотулду.
Арал жана Кичи-Арал айылдары: Жалпы узундугу 9,4 чакырым суу түтүктөрү орнотулуп, кубаттуулугу 100 куб болгон 70 кудук жана 1 резервуар салынды. Ошондой эле кубаттуулугу 25 кВ болгон 1 трансформатор орнотулган.
Беш-Терек айылы: Жалпысынан 8564 метр суу түтүктөрү тартылып, 59 комплект кудук жана 100 кубдук 1 резервуар курулду. Мындан тышкары, башкы суу жыйноочу 4 камера орнотулган.
Аталган масштабдуу долбоордун курулуш иштери «Жумгалсуукурулуш» ААК тарабынан ийгиликтүү аткарылды. Аймактагы калкты сапаттуу таза суу менен камсыз кылууга багытталган бул демилге тургундардын турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга чоң салым кошот



