Филармонияда Тургунбай Садыковдун 90 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Бишкекте КР баатыры, эл сүрөтчүсү, академик Тургунбай Садыковдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чара Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында уюштурулуп, ага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, министрлер кабинетинин өкүлдөрү, депутаттар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият кызматкерлери жана чыгармачыл интеллигенция катышты.

Салтанатта сүрөтчүнүн өмүр жолу, чыгармачылыгы жана кыргыз искусствосуна кошкон салымы тууралуу видеотасма көрсөтүлдү. Катышуучулар анын улуттук скульптура искусствосундагы ордун белгилеп, мааракеси менен куттукташты.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов Тургунбай Садыковдун таланты Баткен жергесинде калыптанып, кийин кыргыз элинин руханий казынасын байыткан дүйнөлүк деңгээлдеги чыгармаларга айланганын айтты.

Белгилей кетсек, Тургунбай Садыков 1935-жылы Баткен районунун Говсувар айылында туулган. Ал Социалисттик эмгектин баатыры, КР баатыры, СССРдин жана Кыргызстандын эл сүрөтчүсү, Ленин жана Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, академик.
Маараке майрамдык концерттик программа менен жыйынтыкталды.



