Спорт
Эрназар Акматалиев UWW дүйнөлүк рейтингде 2-орунду сактап калды
Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев дүйнөлүк рейтингде өз ордун сактап калды.
Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) жаңыртылган рейтинги 24-октябрдан 2-ноябрга чейин Астанада өткөн дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлдү.
Бул турнирде Акматалиев 70 кг чейинки салмак даражасында финалга чейин жетип, күмүш байгеге ээ болду.
Эми кыргызстандыктын эсебинде 54 500 упай бар, бул ага 2-орунду сактап калууга мүмкүндүк берди.
1-орунду Моңголиялык Тумур-Очирын Тулга кармап турат, ал Астанада 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болгон.
3-орунга Орусиялык жаңы дүйнө чемпиону Ибрагим Ибрагимов көтөрүлдү.



