Кара-Балтада бейбаштыкка айыпталган эки жаран кармалды

Кара-Балта шаарында бейбаштыкка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 10-ноябрда Жайыл райондук милициясына 1998-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, ошол эле күнү саат 20:30 чамасында Энергетическая көчөсүндө Б. аттуу жаран аны сабап, денесине жаракат келтиргендигин жана коркутуп, дарегине сөгүнгөн сөздөрдү айткандыгын билдирген.
Аталган окуянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланып, коомчулукта талкуу жараткан.
Бул факт боюнча 11-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1992-жылы туулган А.Б. жана 1995-жылы туулган О.А. аттуу жарандар аныкталган. Алар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.



