«Манас» аэропортунда телефондорду мыйзамсыз киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды

Бажы кызматынын 23-сентябрдагы маалыматына ылайык, Дубай шаарынан учуп келген жарандын жүгүн текшерүү учурунда iPhone 18 Pro Max жана iPhone 18 Pro үлгүсүндөгү телефондор табылган.
Мамлекеттик бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүн четзөө максатында жашырылган бул гаджеттердин жалпы наркы 3 миллион 923 миң 150 сомду түзгөн.
Атагы угулган шектүү телефондорду Бишкек шаарында сатуу максатында Дубайдан сатып алганын билдирген. Аталган товарларды Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) аймагында бажылык тариздөөдөн өткөргөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.
Учурда аталган факт боюнча тиешелүү материалдар каттооого алынып, иликтөө иштери башталды. Дубайдан алган телефондорун жашырууга аракет кылган жаран кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.



