Күнүнө 80 миң ата-эне баласын унаа менен ташыйт. Депутат 300 автобус сатып алууну сунуштады

Депутат Мирлан Жээнчороев 12-ноябрда Жогорку Кеңештин «Ала-Тоо» депутаттык тобунун жыйынында Бишкектеги жол тыгындарын азайтуу үчүн шаардагы 130дай мектептин ар бирине экиден мектеп автобусун берүүнү сунуштады.
Депутаттын айтымында, шаарда мектептер жетишсиз болгондуктан ата-энелер балдарын мектепке унаа менен ташууга аргасыз. Анын эсеби боюнча, күн сайын 70–80 миң ата-эне балдарын мектепке унаа менен жеткирет.
Жээнчороев пилоттук долбоор катары 300гө жакын мектеп автобусун сатып алып, 1–4-класстын окуучуларын ташууну сунуштады. Анын пикиринде, жаңы мектептер жана бала бакчалар курулуп бүткөнчө дагы 3-5 жыл керек. Автобустарды сатып алууга каражат республикалык бюджеттен же башка булактардан бөлүнүшү мүмкүн. Депутат бул боюнча мэриядан расмий жооп берүүнү сурады.
Жээнчороев шаарда курулуп жаткан бийик үйлөрдү да мисалга алды. Анын айтымында, А.Токомбаев проспектисинин өйдө жагында 45 кабаттуу бизнес-борбор жана мейманкана, 24 кабаттуу турак үйлөр курулууда, бирок ошол аралыкта — Манас проспектисинен Курманжан датка көчөсүнө чейинки аймакта жаңы мектептин курулушу жок. Депутат Бишкекке канча мектеп жетишпей турганы тууралуу так маалымат берүүнү сурады.
Депутат ошондой эле мэриядан тыгынды азайтуу боюнча концепция кайсы документке негизделгенин, ал качан кабыл алынганын жана шаардык кеңеш же мэрия тарабынан бекитилгенин тактоону талап кылды. Мындан тышкары, ал жаңы айланма жол курулса Бишкекке кирбей сыртка чыгып кете турган унаалардын санын жана тыгынды канча пайызга азайтарын эсептеп берүүнү сурады.
Отурумда түндүк айланма жолду эл аралык стандарт боюнча саатына 120 чакырымдан ашык ылдамдыкка ылайыкталган 6 тилкелүү кылып куруу пландалып жатканы айтылды. Жол толук бүткөндөн кийин акы төлөнүүчү болушу мүмкүн. Бишкек — Белогорка — Суусамыр жолу жана Чуңкурчакка чейинки альтернативдүү жол да акы төлөнүүчү болору айтылды. Чоң-Курчакка чейинки жол эстакада аркылуу чыгыш айланма жолго кошулат.
Жээнчороевдин маалыматы боюнча, Бишкекте азыр 1200–1600 автобус каттайт, бирок шаарга дагы 800–1000 автобус керек. 2014-жылы шаарда 400 миңдей унаа катталган болсо, азыр бул сан 500 миңге жеткен.
«Фрунзе шаары 700 миң калкка жана 50–55 миң унаага эсептелген», — деди депутат.
Депутат Исираилов жеке менчик мектептердин окуучуларын автобус менен ташууну милдеттүү кылууну, коомдук транспорт үчүн атайын тилкелерде такси жүрүүгө уруксат берүүнү сунуштады.
Мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин айтымында, каникул учурунда тыгын 30–40%га азаят. Шаарда коомдук транспорт үчүн атайын тилкелер чийилип жатат, аларга мектеп автобустарын киргизүү да каралууда.
«Мектеп автобустары коопсуздук талаптарына жооп берсе, аларды коомдук транспорт катары артыкчылыктуу кылууга даярбыз», — деди Алиев.



