Окуялар

Таластагы «Ред Петролеум» май куюучу жайында мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Талас облусунун Кызыл-Адыр айылында, Талас—Тараз жолунун 32-чакырымында жайгашкан «Ред Петролеум» май куюучу жайында мыйзамсыз реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду. Бул фактыны Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы аныктады.

​Текшерүү учурунда реконструкциялоо иштерине тиешелүү долбоордук документтердин жоктугу, ошондой эле объект Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталбаганы аныкталды.

​Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча «Альфа-Ойл» ЖЧКга акт түзүлүп, кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүү берилди. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик чаралар көрүлдү.

​Белгилей кетсек, «Red Petroleum» май куюучу жайларынын оператору — «Альфа Ойл» ЖЧК компаниясы. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, компаниянын жетекчиси жана негиздөөчүсү — Маматов Акылбек Абдимуктарович. Аталган компания 2014-жылдын 28-ноябрында каттоодон өтүп, 2016-жылдын 21-июнунда кайра катталган. Негизги ишмердүүлүк түрү — адистештирилбеген дүң соода.

Тектеш кабарлар

Back to top button