Чыңгыз Эсенгул уулу маданият министринин биринчи орун басары болду

Чыңгыз Эсенгул уулу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Эскерте кетсек, Чыңгыз Эсенгул уулу буга чейин Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлү кызматын аркалап келген.
Өмүр баяны
Чыңгыз Эсенгул уулу 1987-жылдын 18-июнунда Нарын шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Мамлекеттик жарандык кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Билими:
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети — «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистиги (экономист);
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы — эл аралык мамилелер жаатындагы адис (артыкчылык диплому).



