2027–2029-жылдарга карата бюджеттин долбоору сунушталды

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде 2026-жылдын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана 2027–2029-жылдарга карата бюджеттин долбоору сунушталды. Баяндаманы Адылбек Касымалиев жасады.
2026-жылдын январь–октябрь айларында республикалык бюджеттин кирешеси 693,8 млрд сомду түзүп, пландан 27,9 млрд сомго ашты. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 199,2 млрд сомго көп. Ал эми чыгашалар 589,5 млрд сом болду. Салыктык кирешелер 444 млрд сомго, салыктык эмес кирешелер 227 млрд сомго жетти. Анын ичинде Мамлекеттик салык кызматы 287,5 млрд сом, Мамлекеттик бажы кызматы 156,6 млрд сом чогултту.
2026-жылы 1-апрелден жана 1-сентябрдан тартып эмгек акылар жогорулатылган. Эмгек акы төлөөгө 2025-жылы 140 млрд сом жумшалса, 2026-жылы бул сумма 203,5 млрд сомго жетти.
2027-жылга карата ички дүң продукциянын көлөмү 2 трлн 736 млрд сомдон ашары, ал эми консолидацияланган бюджеттин ресурстары 1 трлн 53 млрд сом болору болжолдонууда. Социалдык тармактарга төмөнкүдөй каражаттар каралган:
— билим берүүгө — 134,2 млрд сом;
— саламаттыкты сактоого — 76,4 млрд сом;
— социалдык коргоого — 47,3 млрд сом.
Капиталдык чыгашалар 137,2 млрд сомду түзүп, анын 107 млрд сомдон ашыгы ички булактардан каржыланат. Анын ичинде Барскоон — Бедел унаа жолуна 17,7 млрд сом, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун долбоорун капиталдаштырууга 8,6 млрд сом, энергетикалык компанияларды капиталдаштырууга 5 млрд сом, ал эми социалдык объекттерге, таза сууга, ирригацияга жана инфраструктурага 10 млрд сом багытталат.
«Биз 10 млрд сомду бекитип беребиз, бирок жылдын ичинде бул сумма көбөйөт», — деди баяндамачы.
Мындан тышкары, ишкердикти жана айыл чарбасын субсидиялоого 5,3 млрд сом, жергиликтүү бюджеттерге трансферт катары 19,4 млрд сом жана үлүштүк гранттарга 1,8 млрд сом бөлүнөт. Бааларды турукташтырууга 5 млрд сом, Турукташтыруу фондуна 20 млрд сом каралган.
Ошондой эле жыйында Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы ишин баштагандан бери президент жана Министрлер кабинети демилгелеген 178 мыйзам долбоорунун 136сы парламент тарабынан жактырылып, 126сына президент кол койгону, эл аралык макулдашууларды ратификациялоо боюнча 50 мыйзам кабыл алынганы маалымдалды. Депутаттардан түшкөн 42 токтомдун 24ү жана 3287 депутаттык суроо-талаптын 3270и аткарылган.



