Окуялар

Бишкекте Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаа кагышып, бир айдоочу ооруканага түштү

​26-ноябрда, түнкү саат 02:20 чамасында борбор калаанын Абдрахманов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жол-транспорт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы маалымдады.

​Алдын ала маалымат боюнча, 2003-жылы туулган Н.Г. аттуу жаран Changan CS55 Plus үлгүсүндөгү унаа менен Абдрахманов көчөсүндө түндүк багытты көздөй бара жаткан. Ал эми 1997-жылы туулган А.Р. Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаа менен чыгыш тарапка бараткан учурда эки унаа кагылышкан.

​Кырсыктын кесепетинен Hyundai Sonata унаасынын айдоочусу башынан жаракат алып, Улуттук госпиталга жеткирилди. Учурда окуянын чоо-жайы боюнча териштирүү иштери уланууда.

​

Тектеш кабарлар

Back to top button