Пайдалуу кеңештер

Акыл үч жолу кемийт: капаланганда, уйкусуздук басканда жана курсак ачканда

Белгилүү адамдардын «бир сөзү»…

Кереметтин керемети — мыкты тарбия алган бала. (Эпиктет)
***
Жакшы мүнөз күткөн балдар — бактылуу балдар!   (Оскар Уайлд)
***
Эгер адамдар өздөрүнө жакпаган нерселер менен алек боло берсе, анда ийгиликке жетүүсү кыйын болот. (Дейл Карнеги)
***
Убада берсең, убарасына чыда. (Кыргыз эл макалы)
***
Балалык — бул баары кызык болуп турган кез. (А.Ривароль)
***
Балдардын сүйүүгө жана кам көрүүгө эң муктаж болуп турган убагы — алардын буга татыктуу болбой турган учуру. (Э.Бомбек)
***
Балдар чоң адамдарга ишенген үчүн үйрөнүшөт. Ал эми күмөн саноо ишенимден кийин келет. (Людвиг Витгенштейн)
***
Адамдардын эң жакшысы — башкаларга пайдалуу болгону. (Хадистен)
***

Балдар жердин жандуу гүлдөрү гана эмес, аруу сезимдин мөмөсү дагы…   (Тамара Клейман)
***
Балдарыңдын кандай экенин билгиң келсе, досторун кара. (Сюнь-Цзы)
***
Акыл үч жолу кемийт: капаланганда, уйкусуздук басканда жана курсак ачканда.   (Эл сөзү)
***
Балалык өзүнүн келечеги менен кызык.   (Н.А.Островский)
***
Адам канчалык көптү билсе, башкалардын пикирине ошончолук аз кошулат.     (В.Швебель)
***
Өзүңдү тааный билүү — улуу акылмандык.  (Галилео Галилей)
***
Балалык-бул көптөгөн суроолордун, мүмкүнчүлүктөрдүн жана натыйжалардын убактысы. (Альфред Адлер)
***
Эгер адам кемчиликтерди сындаганды өзүнөн баштаса, башкаларды сындаганга убактысы жетмек эмес.     (Омар Хаям)
***
Эмгектенүү зарыл боло тургандай максаттарды коюу керек. Эмгексиз жашоодон ырахат алуу мүмкүн эмес. (А.П.Чехов)
***
Адам баланы эмес, өзүн тарбиялоо керек. Бала дайым ата-энесин көрүп өсөт. (Эл сөзү)
***
Эгер бизге бул дүйнөдө болуп жаткан нерселер жакпаса, өз ой-пикирибизди, дүйнөгө болгон көз карашыбызды өзгөртүү гана жетиштүү. Ошондо гана бизди курчап турган дүйнө өзгөрөт.       (Лестер Левенсон)

Даярдаган Элнура Шакирова

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button