Логистикалык борбордун курулушу Кыргызстандын экономикасы үчүн мааниси чоң

Жакында Нарын облусунун Ат-Башы районуна ири логистикалык борбордун курулушу жөнүндө маалыматтар берилген эле. Ага Аскар Салымбеков баштаган бир катар ишкерлер жана Нарын облусунун аксакалдары катышып, логистикалык борбордун жергиликтүү элге канчалык пайдасы бар экенин талкуулашкан.
Логистикалык борбордун курулушуна каршы чыккан жергиликтүү эл ишти аягына чейин түшүнүп-түшүнбөй ар кандай ызы-чууларды чыгарып жатышат. Ал жерде такталбаган жана туура эмес маалыматтар таралып, “Кыргызстандын жери Кытайга ижарага берилгени жатат” деп айтып жатышат. Логистикалык борборду куруу Кыргызстандын экономикасы үчүн канчалык пайдалуу экени тууралуу толук түшүндүрмө берилди.
Логистикалык борбордун курулушунда кыргыздардын өкүлү болгон Эмил Абдыкадыров бул борборго кожоюн катары Кытайдын жараны жана өзү катталганын айтты. Жалпысынан борбордун курулушуна 200 гектер жер аянты бөлүнгөн.
«Бул борбордун кыргыздын экономикасы үчүн мааниси өтө чоң. Бобордук Азия мамлекеттеринде мындай борборлор курулуп, 8-9 жылдан бери үзүрлүү иштеп жатышат. Буга чейин өзүбүздө каражат жок болгондуктан, инвесторлорду тарттык, табылды. Кытай инвестиция кылганы турат. Инвестор азыр 280 миллион доллар бөлүүгө даяр экенин айтты. Бул акча логистикалык борбордун жалаң инфраструктурасына жумшалат, жол, суу курууга керектелет.
Жалпы 200 гектардын 80 гектары өндүрүшкө жумшалат, 10 чакты завод-фабрика курулат. Жалпы завод, фабрикаларды курууга 1 миллиардга жакын доллар керектелет, буга да инвестиция тартуу керек», — деди ал.
Эмил Абдыкадыров социалдык тармактарда бул жер аянты башка улуттарга берилип кетти деп жазылган комментарийлер боюнча да түшүндүрмө берди.
«Мамлекет бул аймакты заводдук-экономикалык зонага бөлүп берди, биз аны ижарага гана 49 жылга алдык.
Логистикалык борборго жумушка көбүнчө кытайларды алат экен деген кептер боюнча да айта кетейин, келишим боюнча 20 пайыз инвестиция кылган тарап, 80 пайыз жергиликтүү эл ишке орношот. Бирок Кытай тарап жумушчулардын 5 пайызын гана түзөбүз деп жатышат, алар көбүнчө тармак боюнча адистер болушат. Азыр жумушчулардын тизмеси такталууда, жергиликтүү адамдардан 700 киши иштейм деп кайрылды.
Эскерте кетсек, Кыргызсандын чек арага акын аймактары, Алай, Кара-Кулжа, Кара-Суу райондору деле логистикалык борбордун курулушуна абдан кызыктар экенин кабарлашкан. Себеби, мындай инвестиция жергиликтүү элди иш менен камсыз кылат жана аймактагы социалдык обьекттилерди курууга чоң салым кошот. Маселен, социалдык курулуштар: жол, мектеп, бала бакча, клуб, оорукана жана башкалардын курулушуна жана оңдоо-түзөө иштерине жардамы тийип, райондук жана облусттук, шаардык бюджеттердин көлөмү да көбөймөк.
Abal.kg