Кыргызстандагы нравалык кодекстин зарылчылыгы

Мындан эки жыл мурда, 26-январда, кычыраган аяздын маалында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, баш калаа бир жумага “тоңуп” калган. Бул жарылуунун аягы өлкөнүн эң үлкөн чиновниктери баштаган алдыңкы звенодогу мамлекеттик кызматкерлерди коррупция беренеси менен айыптоого негиз берип, бүгүн эки экс-премьер министр баш болгон айыпталуучулардын тобу сот тарабынан узак мөөнөттөргө кесилишти.
Бишкек ЖЭБдин окуясына удаа эле Кыргыз мамлекеттик тарых музейин ремонттоодо да бийиликтин жогорку эшалонунда турган чиновниктердин арасында коррупцияга орун берилген деген айыптоо менен соттук териштирүү иштери соңуна чыга элек.
Мындан тышкаары да Кыргызстандагы “Азаттык” радиосунун кыргыз бажысынын айрым өкүлдөрүнө байланышкан журналисттик чуулагандуу иликтөөлөрү чыгып, ушул кезде кыргыз коому социалдык тармактарда, массалык маалымдоочу каражаттарда актагандар менен айыптагандар болуп эки жаат кайым айтышып аткан учуру.
Бул көрүнүштөргө жакында эле Кыргыз мамлекеттик Г. Айтиев атындагы ИЗО музейинде өткөн ызы-чуулуу “Феминиалленинин” тегерегиндеги жана кичинекей айыпсыз наристеден тартып чоңго чейин аябаган үй-бүлөөдөгү зомбулук; педофилия; өз карачечекей кызын зордуктаган кара беттик; улуттун бетине чиркөө болгон алигиче токтолбогон кыз ала качуу сыяктуу ушуларга окшогон өтө маанилүү, же майда деп айтууга ооз барбай турган олуттуу окуялардын негативдүү тизмегин тизе турган болсок, кыргыз коомунун бүгүнкү күндөгү моралдык турпатынын картинасын даана көрө алабыз. Мындан бизге бир чындык айныксыз көрүнүп турат: азыркы учурда кыргыз коомунда жалпы нравалык түшүнүктөрдүн шкаласы төмөн, же кризиске учураган. Эгер мындай көрүнүш мындан ары да токтобостон улана бере турган болсо, анда биздин коом кийинки он беш – жыйырма жылдын ичинде нравалык жактан мурда болуп көрө элек девальвацияга учурашы ажеп эмеспи, же моралдык картина ушул бойдон өзгөрүүсүз – консервацияланган абалда тура береби деген мыйзамченемдүү суроо өзүнөн өзү келип чыгат. Буга жооп издөө, же болбосо прогноздоо өтө татаал көрүнүш болуп саналат.
Азыркы учурдун ушундай негативдүү көрүнүштөрүнө, элдин моралдык турпатына баа берүүчү аппарат катары, көпчүлүк маалда мурунку замандын, айрыкча көчмөнчүлүк доорунун нравалык түшүнүктөрү кызмат өтөп жатканын баамдоого болот.
Акыйкаттан эле кыргыздын нравалык принциптеринин, түшүнүктөрүнүн, башкача айтканда жүрүм-турум, этикалык кодексинин негизин көчмөнчүлүк мезгилининин ичинде ондогон кылымдар бою кристаллдашып, иштелип чыккан жоболор, эрежелер түзөөрү да чын.
Тоталитардык доордун тушунда да, жетимиш жыл бою жалпы укуктук нигилизмдин шартында жашап келген элдер, анын ичинде кыргыздар дагы, коомдогу, адамдардын арасындагы өз ара мамилелерди ошол мурдагы Октябрь төңкөрүшүнө чейинки нравалык кодекстин түшүнүктөрүнө карата куруп да, сактап да келгенин баамдоо кыйынчылык туудурбайт. Анын айкын мисалы катары Ч. Айтматовдун “Бетме-бет” повесттиндеги Сейденин образын алсак жетиштүү. Таш боордукка карама-каршы коюлган адамдын инстинкттик деңгээлиндеги боорукердиги (эмпатия) менен бир катар эле Сейдеде ата-бабдан калган “уят”, “абийир” (стыд, совесть) деген нравалык принциптердин өтө терең орун алганын баамдоо кыйын эмес. Анын Ысмайылды жек көрүүсү жана күйөөсүн солдаттардын колуна салып берүүсүнө түрткү болгон факторлордун бири да ушул түптүү түшүнүктөргө байланышкан.
Демек, элдин эсине тутуу мүмкүнчүлүгүн эске алып, аны активдештирүү аркылуу, кечээ жакында эле кыргыздын аң-сезиминин түпкүрүнөн терең орун алган нравалык пирнциптерди кайрадан жандандырып, улуттук баштапкы баалуулуктарды калыбына келтирүү менен, айрыкча кийинки өсүп келаткан муунга таалим-тарбия берүү жагы ошол ата-бабабыз иштеп чыккан түшүнүктөр аркылуу колго алынса, келечектин он-беш жыйырма жылынын ичинде калкыбыздын моралдык турпатында позитивдүү өзгөрүү боло турган багытка түшүүгө шарт түзүлөөр беле?..
Ата-бабадан калган нравалык кодекстин таалим-тарбиялык күчүн баса белгилеп атканыбызга төмөнкүдөй бир айкын мисал турат. 2011-жылы, февраль айында Япониянын Фукуксима шаарында, табигый кырсыктын айынан атом реактору жарылып, миңдеген япон граждандары башынан кандай апаат күндөрдү кечиргенин бүтүндөй дүйнө билет. Ошондо, жашынан карысына чейин бири-бирин жөлөп-таяп биримдиктин үлгүсүн көрсөтүп гана тим болбостон, бир дагы япон, канча күн кезээрип ачка турса дагы, аңгырап бош калган дүкөндөргө кол салмак түгүл, жанына басып барбаганын көрүп, бүткүл адамзат алардын моралдык турпатына суктанды. Тамшанды. Таң калды. Мындай элдин кандай алаамат болбосун солк этпестен туруштук берээрин да ошондо көрдү, дүйнө калктары. Ал эми япон элининн мүнөзүндөгү мына ушундай бийик моралдык сапаттын негизин да, дал ошол ата-бабадан калган нравалык кодекс түзөөрүн ошондо гана түшүнүп-баамдадык. Кылымдап жашап келген моралдык жоболордун реалдуу күчүн ошондо сезип-туйдук.
Бул мисал, кайсы эл болбосун, анын ичинде кыргыздар үчүн да үлгү боло турган көрүнүш болуп саналат. Демек, кыргыздар улут катары өзүнүн тегинен алыстап кете электе, калкыбыздын нравалык кодексин түзүп, аны моралдык сапаттын негизги эрежелеринин бирине айлантсак, элибиздин келечеги алда канча айкын да, жаркын да болот беле деген гана баео ойлор (наивные мысли).
Ысмайыл Усупов