Коом

(Видео) Коронавирусту айтып, элди коркуткан врач кармалды

Казакстандын Нурсултан шаарындагы борбордук ооруканалардын биринде акушер-гинеколог болуп иштеген  дарыгер социалдык тармактарга  Алматы шаарында 70 адам коронавируска чалдыкканын айтып, өзүн видеого тартып, коомчулукка жалган маалыматты таратканы үчүн милицияга кармалды.

https://youtu.be/COBRXFYwgZw

Ал телефонго өзүн тартып, “Мени билесиздер, көп жылдан бери ооруканада дарыгер болуп иштейм. Коронавирус боюнча айткым келет. Достор, өзүңөрдүн досторуңарга, жакындарыңарга айтып койгула. Бул өтө олуттуу маселе, эч кимге түшүнүксүз  коронавирус азырынча толук изилденип бүтө элек. Алмата шаарында 70ге чукул  адам ооруканада коронавирусту жуктуруп алып, дарыланып жатышат,”- деп айткан врач.

Андан кийин коронавирустун белгилерин атаган. Дарыгер эч кандай антивирустук, антибиотик дарылары бул коронавирусту дарылоого жарабасын да айткан.  “Ошондуктан мен дагы келерки дүйшөмбүдөн баштап  эс алууга чыгам, анткени үй-бүлөмдүн коопсуздугун да карашым керек. Дайыма бет кап кийип жүргүлө” деген сунушун билдирген.

Бул билдирүүдөн кийин коронавирустан чочулап турган Казакстандын эли дарыгерге  ишенип, бир топ ызы-чуу болду. Коронавирус тууралуу айткан дарыгер ошол эле күнү Казакстандын милициясы тарабынан кармалып, колуна кишен салынды. Ал ошол эле күнү элге кайрылуу жасап, кечирим сурады: “Мен досторума жана социалдык тармактарга видеодон Казакстанда коронавирус катталды деп айтып, аларды кичине болсо да чочуласын деп ойлогом. Мен өзүмдүн ката кетирип, туура эмес айтканымды мойнума алам. Казакстанда 70ге чукул адам коронавирус жуктуруп алды деген жөн гана такталбаган маалымат болчу, кулагымдын кырынан досторумдан эле уккам. Ошондуктан Казакстан элинен кечирим сурайм!  Казак элинен меники сыяктуу такталбаган видеолорду, маалыматтарды эч жакка чыгарбооңуздарды суранам. Мени  кечирип коюңуздар!” деди.

Казакстанда деле кыргыздар сыяктуу коронавирус чыкты деген жалган маалыматтар телефон аркылуу тарап, коомчулукту коркутуп аткан кез.

Көпчүлук жарандар жалган маалыматты  чыгаргандар сот жообуна тартылаарын да билбегенин айтышты.

Казакстанда социалдык тармак аркылуу жалган маалымат тараткандарга  3000 теңге айыппул салынат же 800 саат коомдук жайларда иштейт.  Андан тышкары  3 жыл эркинен ажыратуу беренелери да каралган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button