Коом

Дүйнөдөгү 46 авиакомпания Кытайга учуусун токтотту

Дүйнөдөгү чет өлкөлүк 46 авиакомпания Кытайга учуусун токтотту. Бул тууралуу Кытайдын жарандык авиация башкармалыгынын маалыматына таянып дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Коронавирустун жайылышы көптөгөн өлкөлөрдү жана компанияларды Кытайга сапарын чектөөсүнө алып келди. Ошондуктан авиациялык рынокто авиабилетке талап түшүп кеткен.

Кытайдын саламаттыкты сактоо мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, 4-февралга караган убакка карата жалпысынан 20 миң 604 киши белгисиз коронавирусту жуктуруп алган. Ал эми мындан улам каза болгондордун саны 362ге жетти. Эскерте кетсек, 2019-жылдын декабрь айынын аягында чыккан коронавирус  учурда дүйнө элин кооптондуруп аткан кез.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button