Коом
Дүйнөдө эмчек рагына чалдыккандардын саны өсүүдө

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы рак илдети азыркыдай ыргакта жайыла берсе, алдыңкы 20 жылда илдет 60% өсүшү ыктымал. Андан жабыркагандардын басымдуусу жакыр өлкөлөргө туура келээрин айтты.
Бугүн, 4-февралда дүйнөдө рак дартына каршы күрөшүү күнү белгиленүүдө. Рак адамды өлүмгө жеткирген оорулардын сап башында турат. 2018-жылы дүйнөдө 9,6 миллион киши онкологиялык илдеттен көз жумган. Эң көп өпкө, эмчек рагы катталат. Дарттын өрчүшүнүн негизги факторлорунун арасында туура эмес тамактануу, тамеки тартуу, күнгө күйүү аталат.
Адистер ар бир кишини догдурга көрүнүп турууга, ооруну көзөмөлгө алууга, эффективдүү дары-дармек чыгаруу үчүн илимий изилдөөлөрдү көбөйтүүгө чакырып келишет.
Abal.kg



