Коом

Кыргызстанда ири темир жол порту салынышы мүмкүн

Кытай Кыргызстанда ири темир жол портун курууга кызыкдар экенин Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө Кытайга барган Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев баштаган делегация Сиань (КЭР) темир жол портунун жетекчилиги менен жолугушкан. Бул жерден Кытай — Борбордук Азия, Кытай — Россия, Кытай — Европа багытында жүктөр жөнөтүлөт.

«Өткөн жылы алар Казакстанга порт куруп беришкен. Жакында Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу башталарын эске алып, Сиань портунун жетекчилиги Кыргызстанда да ошондой эле чоң порт курууга кызыкдарлыгын билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Бул маселе Кыргызстан менен Кытайдын мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүндө да көтөрүлгөнү айтылды. Бул объектини өнүктүрүү бардык өлкөлөр үчүн маанилүү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button