Коом
51 жаштагы Нурлан Мотуев өзүнөн 30 жаш кичүү селкиге үйлөндү (Видео)
Белгилүү коомдук ишмер Нурлан Мотуев буга чейин бир нече жолу үйлөнгөнү коомчулукка маалым. Ал жакында 22 жаштагы кызга үйлөнгөнү тууралуу ал өзү социалдык тармактагы жеке баракчасына видео жүктөп билдирди.
Видеодо Нурлан Мотуев жаш кызы менен нике кыйып жатканын көрсө болот. Нурлан Мотуевдин кезектеги жубайынын аты Элнура. Ал 22 жашта. Болочок жубайы менен Ош базар жактан таанышканын айтты.
Эскерте кетсек, Нурлан Мотуев темир тор артында отурган кезде да жаш кыздар ага барганын, турмушка чыгаарын, сүйөөрүн айтып, видеолорду байма-бай жүктөп турган. Ал эми Мотуевдин бул канчанчы никеси экенин эл деле билбей калды.
Abal.kg