Саясат
Шайлоого даярдык. Депутаттар шайлоо босогосун 7 %га азайтууну сунушташууда
Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттик шайлоо босогосун 7 пайызга түшүрүүнү сунуштады.
2010-жылы Жогорку Кеңешке аттангандардын шайлоо босогосу добуш бергендердин 5 пайызын, ал эми 2015-жылы 7 пайызын түзгөн. 2020-жылдын январынан тартып күчүнө кирген өзгөртүүлөрдө эми 9 пайыздан аз эмес бөлүгүн алууга тийиш.
Демилгечилер мындай бийик босого парламентке болгону бир нече ири саясий партиянын өтүшүн шарттап калат деген пикирде аталган мыйзам долбоорун киргизүүдө.
Бул жааттагы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Эскерте кетсек, 2020-жылы өтчү парламенттик шайлоонун мөөнөтү — 4-октябрга болжолдонууда.
Abal.kg