Бишкекте унаа кыймылы үчүн оңдолгон 8 көчө ачылды

Бишкекте унаа кыймылы үчүн оңдолгон сегиз көчө жана жол тилкеси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Кыймыл үчүн төмөнкү көчөлөр этап-этабы менен ачылды:
-Краснодар көчөсүнүн Барпы Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки 510 метр тилкеси;
-Лущихин көчөсүнүн Шабдан Баатыр көчөсүнө (мурдагы Лев Толстой көчөсү) кошулган 600 метр бөлүгү;
-Ак-Шоокум көчөсүнүн Өмүр көчөсүнөн Эгиналиев көчөсүнө чейинки 600 метр бөлүгү;
-Семетей көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов проспектисинен Садырбаев көчөсүнө чейинки 1,2 чакырым тилкеси;
-Аалы Токомбаев көчөсүндөгү Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн 12-кичи райондогу «Айша» мечитине чейинки 3,2 чакырым тротуар;
-5-кичи райондогу Миррахимов көчөсүнөн №28, 29, 30 жана 30а үйлөрдүн жанындагы 350 метр жол;
-Скрябин көчөсүнүн Абая көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки 600 метр бөлүгү;
-Осмонкул көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Салиева көчөсүнө чейинки 450 метр тилкеси.
«Бардык көчөлөрдө жана жол тилкелеринде тротуарлар жасалып, ага чектеш аймактар да иретке келтирилди.
2026-жылы Бишкекте 136 унаа жолун жана тротуарды куруу, реконструкциялоо жана оңдоо иштери башталган. Бүгүнкү күндө алардын 68и толугу менен аяктады»,- деп айтылат билдирүүдө.



