Логистикалык борбор ушак, жалган маалыматтардан улам курулбай калды
Бүгүн Кыргыз өкмөтү 19-февралда ишкерлик түзүмдөрдүн жана донор уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда Ат-Башыда логистикалык борбордун курулбай калышына нарындыктарга сырттан таңууланган, алардын кызыкчылыгына каршы келген пикирлер себеп болду деп айтты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мындай пикир жалган, ушак жана фейк маалымат таратуу аркылуу кызуу жайылтылганын кошумчалады өкмөт башчы:
«Мындай ири инвестордун кетишине биринчи кезекте ири долбоорлорду экономиканын флагманы кылуунун ордуна коррупциянын уюгуна айлантып, мурда кабыл алынган, өлкөнүн кызыкчылыгына чыккынчылык кылуунун, жаратылышты талкалоонун мисалы болуп калган чечимдерге карата элдин ишенбестиги түрткү болгонун өкүнүү менен билдиребиз. Ошол эле учурда жарандардын ою эске алынбай, жергиликтүү элдин кызыкчылыгы корголбой келген», — деп кошумчалады өкмөт башчы.
“Эмнегедир социалдык түйүндөрдө жеңил ойго, жеңил иштерге бара турган көрүнүштөр абдан басымдуу болду”,- деди Абылгазиев.
Өкмөт бүгүнкү кырдаал инвестицияны коргоо багытында жергиликтүү эл, эң оболу жаштар менен иштөөнүн айрым принциптерин кайра карап чыгуу зарыл экенин көрсөтүп жатканын билдирди.
Эскерте кетсек, жергиликтүү элдин каршылыгынан улам Ат-Башы районуна 280 млн. доллар жумшалат деп жаткан логистикалык борбор курулбай калды.
Abal.kg