Коом
Илим Карыпбеков: “Коньяк — алкоголдун королу, аны уурдагандарды атып салыш керек!”

КТРКнын экс-директору Илим Карыпбеков коомдо болуп жаткан иштер тууралуу азил-чыны аралаш ар кандай постторду жазып, социалдык тармакка жарыялап элдин көңүлүн буруп турат.
Ал Бишкекте коньяк уурдап, кармалган жигит тууралуу төмөнкүдөй пикирин жазды:
“Эртеден бери элдин баары ызычуу «Коньякты уурдаган кишини 2 айга СИЗОго камап коюшуптур, а миллион уурдагандар көчөдө эле жүрүшөт» дешип. Эл кызык эле болот экен деп ойлоп койдум эч нерсени түшүнбөгөн. Эй Коньяк деген арактардын, алкоголдун королу, ханы, президенти, паханы, мыйзамдагы уурусу! Эй андай акмакты СИЗО-ПИЗОсу жок эле атып салыш керек!”- деди ал.
Илим мырзанын бул жазганы коомчулукта ар кандай талкууларга жем таштады.
Abal.kg



