Коом
“Сасыбай нары турчу!” Милиционер коомдук активистти кекетти (Видео)

Коомдук жайлардагы ар кандай көрүнүштөрдү учурда видеого тартып алып, коомчулукка жайылтса болот.
Коомдук активист Болот Ибраимов Инстаграм баракчасына милиция менен кер-мур айтышкан видеосун жүктөдү. Ал баракчасына: “Давно страна не видела таких наглецов в форме” деп жазды.
Коомдук тартипти сактаган милиция менен эмне себептен урушканы белгисиз боюнча калууда. Бирок милиция кызматкери Болот Ибраимовго: “Эмне тартып атасың? Мен сени өчүр дедим?!” деп кекеткенин көрүүгө болот.
“Удостворениеңизди көрсөтүп коюңузчу?” деген сөзүнө милиционер “Пошел!” деп агрессивдуу жооп берген. Анан жакыныраак келип туруп милиционер: “Сасыбай нары турчу!” деп айтып басып кеткенин көрүүгө болот.
Abal.kg



