Спорт

Жалгыз Кыргызстан гана тай-казан менен ойнойбуз деп добуш берди

2020-жылы Туркияда  өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда көк-бөрү оюну тай-казансыз өтө турган болду.

Мындай чечимди Туркияда өткөн Эл аралык этноспорт боюнча үчүнчү жыйынында кабыл алынды.

Форумдун көпчүлүк мүчөлөрү көк-бөрү оюнун тай-казансыз өткөрүүгө добуш беришти.  Тай-казанды сөзсүз колдонуш керек деген добушту бир гана Кыргызстан берди.

Буга чейин Кыргызстандын Мамлекеттик спорттук агенттиги Туркияда  өтө турган Көчмөндөр оюну Кыргызстандын көк-бөру боюнча Федерациясынын эрежелери менен гана өтө турганын кабарлаган. Алар көк-бөрү оюну тай-казан менен өтүлөөрүн айтышкан.

Ага чейин Эл аралык көк-бөрү федерациясы бул оюндун эрежелерине өзгөртүү киргизишкен эле.  Негизги  өзгөрүү   булар – оюн эки тайм менен 20 минуттан жана тайказансыз өтөт. Ал эми Кыргызстанда бул оюн тай-казан менен 20 минуттан  3 тайм менен өтчү.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button