Дүйнөдө биринчи жолу балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салынды

Австралияда 16 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салган дүйнөдөгү биринчи мыйзам күчүнө кирди.
The Guardian жазгандай, өлкөдө бүгүн түн жарымынан тарта өспүрүмдөргө TikTok, Instagram, Facebook жана башка платформаларга кирүү толук бөгөттөлдү.
Жаңы мыйзамга ылайык, 16 жаштан кичүү колдонуучулардын аккаунттары TikTok, Facebook, Instagram, X, YouTube, Snapchat, Reddit, Kick, Twitch жана Threads сыяктуу сервистерден өчүрүлүүгө тийиш.
Он эң ири платформаларга балдардын кирүүсүн толук бөгөттөө милдети жүктөлдү. Талапты аткарбаган компанияларга 49,5 миллион австралиялык долларга (33 млн АКШ доллары) чейин айып салынат. X платформасынан башкасынын баары мыйзамды аткарарын ырастаган.
Жаңы чектөө технологиялык компаниялардын жана сөз эркиндигин коргоочулардын сынына кабылды. Бирок ал ата-энелер жана балдардын укугун коргоо уюмдары тарабынан колдоого алынды.
Мыйзам күчүнө кирген алгачкы суткада эле бир катар көйгөйлөр жаралды. Guardian Australia маалымдагандай, айрым 16 жашка чейинки балдар жүзүн аныктоо аркылуу жүргүзүлгөн жаш курак текшерүүсүн айланып өтүүгө жетишкен. Өкмөт муну күтүлгөн көрүнүш деп, системанын дароо идеалдуу иштеши мүмкүн эместигин белгиледи.
Австралиянын мындай тажрыйбасын бир катар өлкөлөр кунт коюп байкоодо. Малайзия, Дания жана Норвегия сыяктуу мамлекеттер өз мыйзамдарын даярдап жатышса, Европа биримдиги да ушуга окшош чектөөлөр боюнча резолюция кабыл алган.



