Эмилбек Каптагаев өбүшкөндү токтотууну сунуштады

Эмилбек Каптагаев интернет тармагында активдүү колдонуучулардын бири. Ал коомдо болуп жаткан бардык маселелерди анализдеп жазып, коомчулукка сунуштап турат. Эмилбек мырзанын жазган пикирлери айрым блогерлердикинен да мыкты. Буга чейин Туркияда өтө турган тай-казансыз көк-бөрү оюну тууралуу да адилеттүү, калыс пикирин жазан. Андан кийин учурда коомчулукту дүрбөлөнгө салып аткан коронавирус тууралуу жазды.
Коронавирус деген балакет тууралуу…
“Кытайды жабыш керек, бул жерде жүргөн кытай жарандарын чыгарыш керек…” деп элди демитип, жүрөктүн үшүн алып, козута берүүдөн эч кандай пайда болбойт… Тетирисинче зыянга эле учурайбыз…элди дүрбөтүп, паникага сала берсек. Бүгүн бул оорунун очогу коңшу Иранда, андан ары Италияда, бул жагы Түштүк Кореяда да бар болуп калды… Дүйнөдө 37 мамлекетте катталып, баардыгы 80 миңге жакын оорукчан киши бар экен… Чек араны толук жаап, эч кимди киргизбей да, чыгарбай да отура албайбыз… Мүмкүн эмес…
Ошондуктан, болгон күчтү азыр санитардык агартуу иштерине, анын ичинде жеке тазалыкка, коомдогу жүрүм-турумга үйрөтүү иштерине жумшоо абзел деп ойлойм… Опур-топур тойлорду, көп киши чогулган жыйындарды, оюн-зоокторду чектөө, учурашканда кучакташып, эркек-аял дебей өбушкөндү да токтотуу зарылчылыгы бар…
Эң башкысы акыл-эсти жоготпой, дайыны жок дүрбөп, удургубай…ар ким өзүнө, өз үй-бүлөсүнө сак болуп, токтоолук менен аракет кылуубуз туура.
Ал эми мамлекеттик органдар болсо шалаакылыкка жол бербей, тагылган милдеттерге жоопкерчиликтүү мамиле жасоого милдеттүү…
Калганы Жараткандын колунда…”- деп жазды.
Эмилбек Каптагаевдин бул пикирин колдогондордун саны арбыды.
Эскерте кетсек, Abal.kg маалымат порталы да коронавирусту сактануунун жолдору тууралуу саламдашуу, өбүшүүдөн алыстап, жеке гигиенаны да сактоо керектигин жазган эле.
Abal.kg