Коом

УКМК Садыр Жапаровду колдоо штабын тинтүүгө алды

Садыр Жапаровду колдоо штабынын кеңсесин УКМК тинтүүгө алганын адвокат Бактыбек Жумашев Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, кеңсенин эшигин талкалап киришкен.
Өз кезегинде УКМКнын маалымат кызматы тинтүү сотко чейинки тергөө амалдарынын алкагында жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгып, аны бошотуп актагыла деген талаптарын койгон. Кеч киргенине карабастан митингди уланткандыктан милиция атайын каражаттар менен кубалап тараткан. Милиция жүздөн ашык кишини кармап, кайта коё берген. Бирок төрт киши камакка алынган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button