Юстиция министрлигинде мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча жыйын өттү

2025-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мыйзамдарды нормативдик дебюрократизациялоо максатында системалуу инвентаризация жүргүзүү боюнча мекемелер аралык эксперттик топтун алгачкы жыйыны өттү.
Бул топ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 Жарлыгына ылайык жана 2025-жылдын 21-майындагы № 274-р токтомунун негизинде Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн.

Жыйынга Юстиция министри Аяз Баетов жетекчилиги астында, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилеринин орун басарлары катышты. Алардын катарында Экономика жана коммерция министрлиги, Каржы министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Билим берүү министрлиги, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Социалдык фонд жана башка мамлекеттик органдар бар.
Эксперттик топтун негизги максаты – мыйзамдар менен укуктук актыларды ашыкча, эскирген же кайталанган жоболор боюнча системалуу талдоо жүргүзүү жана аларды жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу. Жыйында инвентаризацияга тийиштүү актыларды тандоо критерийлери, талдоо ыкмалары жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү механизмдери талкууланды.
Юстиция министрлиги бул комиссиянын ишин координациялап, ай сайын жүргүзүлгөн иштер боюнча отчетторду Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Администрацияга тапшырып турат.
Мекемелер аралык топтун иши мамлекеттик жөнгө салууну ачыгыраак, түшүнүктүүрөөк жана натыйжалуураак кылууга, ошондой эле жарандар менен ишкерлерге болгон административдик жүктү азайтууга багытталган.



