Сөз эркиндиги боюнча Орто Азиядагы мамлекеттер аныкталды. Кыргызстан канчанчы орунда?

Freedom House Эл аралык бейөкмөт уюму жаңы отчетун жарыялап, анда сөз эркиндиги канчалык деңгээлде сакталып жаткан мамлекеттерди тизмектеди.
Ага ылайык, Тажикстан дүйнөдөгү “эң эркин эмес” делген 10
мамлекеттин катарына кирди. Ал “жарандардын эркиндиги” боюнча критерийде 9 гана
упай алган. Андан сырткары “саясий эркиндик” боюнча эч упай алган эмес.
Ошондой эле, “эркин эмес” мамлекеттердин катарын Казакстан (23 упай), Россия
(20), Өзбекстан (10) жана Түркмөнстан (2) кирди.
Ал эми Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстандын көрсөткүчтөрү эң мыкты. Кыргызстан 39 упай менен “жарым жартылай эркин” деген мамлекеттердин катарынан орун алган.
Freedom House уюму жалпысынан 195 мамлекеттердеги абалга көз салып, анын 83ү эркин болсо, 63 жарым жартылай эркин, 49 мамлекет эркин эмес деп бааланган.
Abal.kg



