Окуялар

Куткаруучулар Бишкек жана Токмок шаарындагы батирден эки адамдын сөөгүн табышты

Сутка ичинде куткаруучулар батирден эки адамдын сөөгүн табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Жал кичирайонунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып, ичинен 52 жаштагы З.Д. аттуу эркек кишинин сөөгүн табышкан.

Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Ошондой эле ӨКМдин куткаруучулары тарабынан Токмок шаарындагы Шамшы көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринен 76 жаштагы Г.И. аттуу аял кишинин сөөгү табылган.

Куткаруучулар маркумдун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button