Коом

Стамбулдан келген жарандын дене табы көтөрүлүп, инфекциялык ооруканага жаткырылды

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына Стамбулдан учуп келген жаран дене табы көтөрүлгөндүктөн жаткырылганын оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Ага ылайык, кыргызстандык жаран 9-мартта аэропорттон дароо эле ооруканага алып келинген.

“Абалы туруктуу. Тепловизор анын дене табы көтөрүлүп турганын көрсөттү. Ал ОРВИ диагнозу менен ооруканага алып келинди. Андан коронавируска карата анализ алынды, жыйынтыгы кечинде даяр болот”, — дейт ал.

Башкы дарыгер кыргызстандык жаран Стамбул шаарында гана болгонун айтты.
“Коронавирус жайылып жаткан мамлекеттерге барган эмес, бир гана Стамбулга барган. Ал Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен эреже боюнча дарылоодон өтөт”, — дейт дарыгер.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button