Коом
Кыргызстандын U17 кыздар курама командасы Өзбекстанды жеңип чыкты

Борбор калаада өтүп жаткан 2026-жылкы U17 Азия Кубогунун тандоо турунда Кыргызстандын 17 жашка чейинки кыздар курама командасы Өзбекстан командасын 2:1 эсебинде жеңип алышты.
Кыргыз футбол биримдиги билдиргендей, кыргыз кыздарынан голдорду Сумаййа Махаматсалиева жана Акмарал Саякбаева киргизишти.
Бул жеңиш кыргыз командасы үчүн абдан маанилүү болуп, аларга Азия Кубогунун кийинки баскычына чыгуу мүмкүнчүлүгүн сактап калды.



