Дүйнө

Голливуд жылдызы Том Хэнкс коронавирус жугузуп алды

«Зеленая миля», «Код да Винчи», «Изгой»сыяктуу популярдуу фильмдерге тартылган, Оскардын ээси, америкалык актер, режиссер, сценарист, продюсер Том Хэнкс менен жубайы Рита Уилсон коронавирус жуктуруп алышып, ушул тапта австралиянын Голд-Кост шаарында госпиталда изоляция шартында дарыланып жатышат. Бул туралуу  бейшембиде артист өзүнүн Instagram баракчасынан кабарлаганын 12 — мартта СИДНЕЙден ТАСС маалымдады.

«Биз өзүбүздү, суук  тийгизип алып, кичине-кичине эле титирегендей абалда болуп, чарчап аткандай сезгенбиз, азыркы убакта талап кылынып  аткандай коронавируска  тесттен өтсөк, тесттерибиздин натыйжасы вирусту жуктуруп алганыбызды далилдеди», — деп билдирген актер өзүнүн кайрылуусунда.

Том Хэнкс жубайы менен

Австралиялык SBS телеканалынын билдирүүсүнө караганда, Хэнкс жубайы менен Австралияга Эльвис Пресли туурасындагы фильмге тартылуу үчүн келген. 63 жаштагы артист бул тасмада ырчынын менеджери Том Паркердин ролун аткарат. Том Хэнкс менен жубайы тумоону кантип жуктуруп алышканы азырынча билине элек.

Эскерте кетсек, Австралияда тумоологондор 128 кишиге жетип, 3 адам көз жумуп, 21 кесел айыгып чыгышкан.  Тумоо биринчи жолу Мельбурнда 25 – январда катталаган.

Коронавирус Covid-19:
125 865 – жуктурган;
4 615 — көз жумган;
67 003  —  айыккан.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button