Дүйнө

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги коронавирусту Уханга АКШнын армиясы алып кириши мүмкүн деп билдирди

Кытай тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзянь муну, АКШнын ооруларды алдын-алуу жана көзөмөлдөө борборунун (CDC) башчысы Роберта Редфилддин, АКШда буга чейин грипптен көз жумду деп ойлоп, бирок өлгөндөн кийин алардан корнавирус табылган бир нече окуя болгон деп, мындан мурдараак билдиргенине карата жазып чыккан.

 “Ачыгын айткыла! Өзүңөрдөгү маалыматтарыңарды жарыялагыла! АКШ бизге муну түшүндүрүшү керек” деп, чакырык таштады кытайлык дипломат.

Эскерте кетсек «коронавирус АКШнын Кытай менен Иранга каршы биологиялык куралы» деп, мындан бир аз күн мурда эле Ирандын генералы,Ислам революциясынын кайтаруучулары корпусунун командачысы Хосейн Салами билдирген эле.

Ал эми буга чейин, коронавирс жаңыдан кулач жая баштаганда 25-январда эле Россиянын Мамдумасынын депутаты, Крымдын мурдагы прокурору Наталья Поклонская Кытайдагы бул тумоо технологиялык жана экономикалык жактан аябай күчтөнүп бараткан бул өлкөнү алсыратуу үчүн атайын сырттан алынып келинген биологиялык курал деген жоромолун билдирген.

Эми бул туурасында ушул кезге чейин үн катпай келаткан Кытай, Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү аркылуу билдирүү жасап жатат. Бул эмнени билдирет?..

Мындан бир аз мурдараак эле Кытайда коронавирус менен ооругандардын саны улам азайып баратканы, а айыккандар жалпы тумоологондордун 77,7 пайызын түзөөрү айтылган эле.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button