Коом

Сосновка жана Арал постторунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бишкек — Ош унаа жолундагы Сосновка жана Арал постторунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдирди.

Сосновка постундагы чектөө кечээ, саат 22:00дон тарта, ал эми Арал постунда саат 21:40тан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

Азыркы тапта Бишкек-Ош унаа жолунда (Ала-Бел, Төө-Ашуу ашууларында) бороон болуп, тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүп жатат. Жеңил унааларга жол ачык, каттам бар.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button