Коом

Уят! Бузукулук максатында былтыркы видеону да таратышты (видео)

Акыркы эки күндөн бери Кыргызстандын бардык аймактарындагы азык-түлүк сатуучу дүкөндөрдө баалар мыйзамсыз кымбаттап, коомчулук бир заматта дүрбөлөңгө түшкөнү маалым.

Айрым алып-сатаарлар ушундан пайдаланып ундун баасын бир топ жогору сатып жатканы кармалып, учурда сурак берип отурушат.

Ошол эле учурда айрым сатуучулар  бардык товарларын жакшы сатууну көздөп эски, былтыркы видеолорду да элге таратып жатышканы маалым болду.

Интернет баракчаларынан борбордогу “Мадина” базарында кездемелерди талап, түртүшүп аткан видео да коомчулукка тарады.

 Бул туурасында Дордой базарынын сатуучусу Кымбат Молдокулова нааразычылыгын билдирди:

“Өткөн жылы Кытай менен убактылуу  чек ара жабылып,  “Мадина” базарында кездемелер  азайып калганда, бир күн ушундай ызы-чуу болгон эле. Ошол кезде видеого тартып алышкан. Эми уяты жоктор ошол видеону азыркы абалга такап, элге таратып, коомчулукка ызы чуу чыгарып жатышат. Азыр Дордойдо, кийим сатуучу жайларда соода жакшы болбой жатат, анткени эл азыркы тапта азык-түлүккө  басым жасап жатат. Эгер Дордойдо соода-сатык жакшы болбой жатса кездемени эмнеге мынчалык талашып, тополоң кылат элек. Карапайым эл да ага ишенип,  “Мадина” базарында ушундай  ызы-чуу, тополоң болуп атыптыр деп атышат. Бул жалган! Уят! Кимге кызык ушундай жалган маалымат, жалган видеолорду таратуу,”- деди.

https://youtu.be/RJthpTI76DY

Эскерте кетсек, КР ИИМ жалган маалыматтарды тараткандарга катуу чара көрүү керектигин эскертип келет.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button