Коом
Азык-түлүк баалары тескелип турат
Кыргыз өкмөтү айрым зарыл азык—түлүктөрдүн баасын үч ай бою тескөөнү чечти. Өкмөт буга күнүмдүк жашоодо зарыл болуп
саналган, социалдык маанидеги азык-түлүк менен элди жеткиликтүү камсыз кылуу
максатында барып жатат. Бул тууралуу токтомго өкмөт башчы Мухаммедкалый
Абылгазиев 16-мартта кол койду.
16-марттан тарта үч ай бою ун, нан, сүт, суу май, каймак май, кумшекер, күрүч, макарон, жумуртка жана картошканын наркы тескелет. Монополияга каршы күрөшүү агенттигине социалдык маанидеги товарлардын баасын максималдуу аныктоо тапшырылды.
Abal.kg



