Дүйнө

Коронавирус.Түркмөнстанда вирустан сактануу үчүн мектептерди аластап, адырашман түтөтүп жатышат

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнүн баардык мамлекеттик мекемелеринде жана мектептеринде массалык түрдө  аластап, арча түтөтүүнү сунуштагандан кийин ушул иш чара башталды. Бул тууралуу Түркмөнстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, мектептер күнүнө эки жолудан аласталып, арча менен түтөтүп жатышат.  

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов коронавирус менен күрөшүүдө арча менен түтөтүүнү же адырашманды колдонууну сунуштаган. Ал өкмөттүн жыйынында ата-бабалар жугуштуу ооруларга каршы улуттук ыкмаларды миңдеген жылдар бою колдонуп келишкенин эске салган.

“Жергиликтүү түшүнүктөргө караганда, адырашмандын түтүнү оорулардан сактайт. Ал эми ата-бабалардын акылмандыгын эске алуу керек”, – дейт түркмөн президенти.

Abak.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button