Коом
— Чыныгы элдик генерал! Камчыбек Ташиевге арналган ыр чыкты
Интернетте УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиевге арналган ыр кызуу тарап жатат.
УКМКнын жетекчисинин өмүр жолунан алынган сүрөттөр менен коштолгон видеотасмада Ташиевдин өлкөдөгү коррупция менен элдешпес күрөшү, жеке сапаттары ырдалат.
Кошумчалай кетсек, ырдын автору аны “чыныгы элдик генерал” деп атайт.
Ырдын автору жана аткаруучусу азырынча белгисиз.



