Коом

Коронавирус. Кайсы группадагы канга көп жугаарын окумуштулар таап чыгышты

Кытайдын окумуштуулары кайсы группадагы канга коронавирустун инфекциясы көп  жугаарын билүү үчүн  атайын иликтөө жүргүзүшкөн.

Илимпоздор Ухань менен  Шэньчжэндин үч ооруканасынан   коронавирус  жуктурган 2173 бейтапты иликтеп чыгышып, алынган үлгүлөрдү анализдешкен. Сыноо жүргүзүлгөндөрдүн   ичинде каза болгондорго таандык 206 анализдин үлгүсү болгон.

Анализдин тыянагы төмөнкүдөй натыйжаларды берген:  25,80% — бейтаптын каны биринчи  группага,  37,75% —экинчисине,  26,42% —үчүнчүсүнө, ал эми  10,03% — төртүнчүсүнө таандык болгон.  Мындай тыянактар тигилерден дагы башка ооруканалардан алынган 398 бейтаптын анализинин натыйжасына да байланышкан.

Окумуштуулардын иликтөөсүндө каны  II группадагы адамдар коронавирус COVID-19ду башкалардан көп жуктураары белгилүү болду, деп Россиянын Рамблер маалымат агенттиги жазып чыкты.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button