Дүйнө

Коронавирус. Италия өлүм жагынан Кытайдан ашып кетти. Бир күндө 427 адам көз жумду

Жарандык коргонуу кызматынын жетекчиси Анджело Борреллинин билдиргенине караганда, Италияда акыркы бир сутканын ичинде коронавирус COVID-19дан 427 бейтап көз жумган. Бул илдеттен каза тапкандардын саны Италияда 3405 кишиге жетти. Ошол эле учурда пандемия башталган Кытайда коронавирустан көз жумгандардын саны 3245 болгон. Бул туурасында News.mail.ru билдирди.

«Тилекке каршы, бүгүн биз 427 амдын өлүмүн каттадык. Айыккандар 415 киши. Каза тапкандар 4440ка жетти», — деп билдирди Боррелли мырза («РИА Новости» алынган цитата).

Жалпы жонунан Италияда  COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны  41 миңден ашты (айыккандарын жана каза болгондорун кошкондо). Эң кыйын эпидемиологиялык абал Ломбардия провинциясына туш келди. Бул жерде жаңы илдетке чалдыккандар 20 миңге жакындады. 

Кытай Эл Республикасынын саламаттыкты сактоо комитетинин билдирүүсүнө караганда, акыркы суткалардын ичинде Кытайдын материктик территориясында коронавируска чалдыккан бир дагы жаран катталган жок. Ал эми акыркы күндөрү бул илдетти жуктурган 34 жаран Кытайга келгенде эле коронавирус  менен ооруп келишкен чет өлкөлүктөр.

«Азыркы учурда 7263 киши ооруп атышат, алардын ичинен 2314ү оор абалда, 70 420 адам оорукандан айыгып чыгышты, 3245 бейтап каза тапты», — деп билдирди бейшембиде Кытайдын жогоруда аталган мекемеси.

19 -мартка, карата дүйнө жүзүндө  COVID-19 менен ооругандар 218,8 миң, анын ичинен 8,8 миң киши көз жумду, 84 миңи айыкты.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button