Дүйнө
Коронавирус. Мадридде ар бир 16 минутта бирден киши өлүп атты

16-мартта Мадриддин госпиталдарында ар бир 16 минут сайын коронавирустан бирден киши каза тапканы катталып атты деп билдирди Лента, дейт Vazhno.ru маалымат агенттиги.
Жалпысынан алган 24 сааттын ичинде 88 бейтап каза тапкан. Бул интенсивдүү терапия палаталарында дарыланып жаткандардын 13 процентин түзөт. Аталган маалыматтар карылар үйүндө кайтыш болуп жатышкандарды эсепке албагандагы, Испаниянын борборундагы госпиталдардагы абалды гана чагылдырган фактылар.
Басылманын маалыматына караганда ушул кезде Мадридде илдетти жугузгандардын так санын айтуу өтө кыйын, ооругандардын эсеби он миңдеп саналат.
19 — мартта коронавирустан Испанияда курман болгондордун саны 767 кишиге жетти деп маалымдалган.
Abal.kg